Казакстандын ата мекендик кинопрокаты ирандык “Ромашка учкуч” мультфильми менен толукталды. Алматы шаарынын Esentai кинотеатрында чет элдик тасманын жабык көрсөтүүсү болуп өттү. Мультфильм балдарды талыкпай иштөөгө үйрөтөт жана анын жардамы менен алар бардык максаттарына жете аларын көрсөтөт.
Мультфильм өмүр бою учууну үйрөнүүнү кыялданган башкы каарман - кичинекей кой Ромашканын жашоосун баяндайт.
Ромашканын үй-бүлөсү жана достору бул ишке ашпай турган кыял деп санашып кумон кылышат. Бирок ага карабай кыялын ишке ашырууга жардам берген досторун табат. Ирандык авторлордун идеясы казак көрүүчүлөрүнө жакты.
Динара Сатылган, мектеп окуучусу: - Мага бул ирандык мультфильм абдан жакты. Ал кыялдарга кам көрүп, аны сакташ керек экенин түшүндүрөт. Анда трактор асманга учуп кетти. Бул мени абдан тан калтырды.
"Ромашка учкуч” мультфильмине келип , коргуло, ал баарына жагат.
Баса, тасмада күлкүлүү, учурлар көп. Биринчи мүнөттөн тартып эле көрүүчүнүн башкы каарманга боору ооруп, Ромашка ийгиликке жетет деп үмүттөнөт. Мультфильмде бир нече музыкалык блоктор да бар.
Мохсен Фагани, Иран Ислам Республикасынын Казакстандагы башкы консулу:
- Биздин мультфильмдин көрсөтүлүшүн уюштурган Kinopark компаниясына жана продюсер Эрлан Бухарбаевге ыраазычылык билдиребиз. Бул тарыхый окуя. Иран мультфильмдеринин Казакстанда көрсөтүлүшү биздин өлкөлөр ортосундагы узак мөөнөттүү маданий алмашуунун башталышы болот деп ишенебиз.
Ирандык режиссёрлор жана продюсерлор казакстандык компаниялар менен биргелешкен долбоорлорду пландап жатышат. Ал эми «Ромашка учкуч» мультфильми эки өлкөнүн маданий байланыштарын өнүктүрүүнү улантууда.

- Категория
- Алматы Алматинская область

Комментариев нет.