"Дана кыз"Улук Эркиналиев&Урустомов Урматбек

16 Просмотры
Издатель
Сөзү,обону:Жолболду Алибаев
Аткаруучулар:Улук Эркиналиев,Үрүстөмов Урматбек

Дана кыз

Ойдо жоктон жолугуп,
Оору кылдың Дана кыз,
Оорунун да онтотпос
Зору кылдың, Дана кыз.
Көздөрүңдүн учкунун,
Жылт эттирдиң, Дана кыз,
Көөдөндөгү жүрөктү,
Зырп эттирдиң, Дана кыз.
Бир көргөндө өзүңдү,
Сүйгүздүң го Дана кыз,
Билиги жок, майы жок,
Күйгүздүң го Дана кыз.
Чогуу жүргөн кыздардан,
Бөлүндүң го, Дана кыз,
Чолпон болуп көзүмө,
Көрүндүң го, Дана кыз.
Ой Дана кыз, Дана кыз,
Эй Дана кыз, Дана кыз.

Алаксытып оюмду,
Арбадың го, Дана кыз,
Алыстатып боюңду,
Кармадың го, Дана кыз.
Ичим жанып турганын,
Сезбедиң го, Дана кыз,
Имерилип жаныма,
Келбедиң го, Дана кыз.
Алоолонтуп жанымды
Ойнодуң го, Дана кыз,
Ак жүзүңдөн сүйгүзүп
Койбодуң го, Дана кыз.
Сага жакын бара албай,
Ыза болдум, Дана кыз,
Сагынычым таралбай,
Куса болдум, Дана кыз.
Ой Дана кыз, Дана кыз,
Эй Дана кыз, Дана кыз.

Улуу тоодо таңшыган,
Улар болдуң, Дана кыз,
Угуп үнүң - жете албай,
Кумар болдум, Дана кыз.
Кол жетпеген мен үчүн,
Дабан болдуң, Дана кыз,
Козгоп жүрөк кылдарын,
Абан болдуң, Дана кыз.
Асман тиреп шаңкайган,
Бийик болдуң, Дана кыз,
Ага жетпей аңкайган,
Кийик болдум, Дана кыз.
Түйүп ичке сырыңды,
Чечпей койдуң, Дана кыз,
Түнү-күнү эсимден,
Кетпей койдуң, Дана кыз.
Ой Дана кыз, Дана кыз.
Эй Дана кыз, Дана кыз.

Ашыктыгым ашынып,
Менде жүрөт Дана кыз.
Анын жообу катылып,
Сенде жүрөт Дана кыз.
Жашырбастан сырыңды,
Ачпайсыңбы Дана кыз.
Жабыркатпай чыныңды,
Айтпайсыңбы, Дана кыз.
Эртең тагдыр не болот,
Эч ким билбейт, Дана кыз.
Эми сени менчелик,
Эч ким сүйбөйт, Дана кыз.
Эгер билсең колду бер,
Бир жүрөлү, Дана кыз.
Эки келбес өмүрдү,
Бир сүрөлү, Дана кыз.
Ой Дана кыз, Дана кыз,
Эй Дана кыз, Дана кыз.
Категория
Клипы
Комментариев нет.
Разработка сайта Creative Lab в Актау ПЕРЕЙТИ НА МОБИЛЬНУЮ ВЕРСИЮ САЙТА