Менин да сүйүүм ушундай (Cover) Бекболот Келдибеков (Нурлан Насип)

30 Просмотры
Издатель
Сөзү: Кундуз Качкынбаева Нурлан Насип
Обону: Нурлан Насип
Аткаруучу: Бекболот Келдибеков

Музыкам сен болдуң,
Муз эрип жүрөктөгү.
Муңумду таратып,
Жылмайып күлөт пери.
Эңсетип өзүңдү,
Эмне эле күн өтпөдү?
Ээлигип жай бербей,
Жүрөгүм сүйөт сени.

Кайырма:

Менин да сүйүүм ушундай,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап
Бакыттын кушун учурбай.
Көздөрүң балбылдап
Көңүлдүн шам чырагы.
Көзүңдүн жарыгын
Башкалар мендей туябы?
Күлгөнүң шыңгырап,
Туптунук тоо булагы.
Күмүштөй күлкүңдү
Бөлөктөр мендей угабы?

Кайырма:

Менин да сүйүүм ушундай,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап,
Бакыттын кушун учурбай.
Категория
Клипы
Комментариев нет.
Разработка сайта Creative Lab в Актау ПЕРЕЙТИ НА МОБИЛЬНУЮ ВЕРСИЮ САЙТА