Нурлан Насип Сүйүү балы

17 Просмотры
Издатель
Нөшөрлөп эжай бербей жамгыр төксө,
Жамгырдай толгон карек жашын сепсе.
Жүрөгүм жаш кесилип келээр бекен?
Жанымдын кыйын алганын жаның сезсе.

Кайырма:
Сезбеди сагынганым сенин жаның,
Саргартып кан жүрөктү ажарладың.
Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным,
Жутпадым сен жыттанган,
Жутпадым сен жыттанган,
Сүйүү балын.

Айта албай убакыттын эрте-кечин,
Сыялап сырлар жазам кагаз бетин.
Кетипсиң кайра келбес сапарыңа,
Калтырып махабаттын ыр-кесесин.

Кайырма

Конбоду чынарымдын бутагына,
Кыспадың койнуң толо кучагыңа.
Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң,
Карматып кыпкызыл чок бутагыңа.

Кайырма
Категория
Клипы
Комментариев нет.
Разработка сайта Creative Lab в Актау ПЕРЕЙТИ НА МОБИЛЬНУЮ ВЕРСИЮ САЙТА