Нурлан Насип Өмүр 2023

20 Просмотры
Издатель
Бүгүн бар эртесинде жоксуң,
Ар таңды акыркыдай тоскун.
Беш күндүк жалган бул өмүрдө,
Коноксуң!
Жаш кезде жанып турган отсуң,
Жалбарып кармай алган жоксуң,
Жарк этип жашоо бизден өтсө
Жомоксуң...

Өмүр - берип сынайсың,
Өмүр - алып кыйнайсың.
Жыгылсам карманам
Баштаймын кайрадан,
Күрөшүңө мен чыдаймын.
Зымырап качсаң да
Азап күн тартсам да
Бир сени сүйүп жашаймын...

Кээде кыш, кээде жаркын жайсың,
Бир тарып, бир балкыган байсың,
Тагдырдын татаал тар жолунда
Сынайсың...
Билгенге бакыт толгон ирмем,
Билбеске кирип, чыккан бир дем,
Өмүр бул белек Жаратканым жиберген!
Категория
Клипы
Комментариев нет.
Разработка сайта Creative Lab в Актау ПЕРЕЙТИ НА МОБИЛЬНУЮ ВЕРСИЮ САЙТА