Садыр Жапаров менен Ташиев Баткенде УКМКнын жаңы имаратын ачышты

27 Просмотры
Издатель
[ KG ] [ RU ] Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында УКМКнын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчы жаңы имарат жана коопсуздук кызматкерлери үчүн жакшыртылган шарттар алардын ишинде чоң ийгиликтерге, жаңы жетишкендиктерге жетишүүдө негизги ролду ойной турганын билдирди.

Президент Баткен башкармалыгынын түзүлүшү жана өнүгүшү — улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ак ниет кызматынын үзүрү жана үлгүсү экенин белгилеп, далил катары улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин эрдиктерин кыскача айтып өттү.

Садыр Жапаров 1999-2000-жылдардагы Афганистандан «Өзбек Ислам» кыймылынын согушчандары Баткен облусу аркылуу жана Тажикстан аркылуу Өзбекстанга басып кирүүгө аракет кылганын айтты. Анда Кыргызстандын куралдуу күчтөрү согушкерлерге каршы туруп, баатырдык менен өз милдеттерин аткарышкан. Ушундай эле окуя 2006-жылы кайталанып, Баткен облусунун аймагына Тажикстандан эл аралык террордук уюмдун куралдуу согушчандары кирип келишкен. Анда дагы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн антитеррордук атайын операциясынын натыйжасында кылмыштуу топтор жок кылынган. Аталган куралдуу кагылышууда өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ондогон аскерлери, ошондой эле УКМКнын «Альфа» атайын багытынын кызматкерлери мекен чегин коргоп жатып, баатырларча курман болушкан.

«Дегеле Баткен облусунун түзүлүшү УКМКнын тарыхында белгилеп кетчү өзүнчө бир доор болуп саналат. Облустагы башкармалык улуттук коопсуздук министринин 1999-жылдын 28-октябрындагы буйругу менен түзүлгөн. Ошол эле жылы башкармалыктын уюштуруу-штаттык түзүмү аныкталып, ал бүгүнкү күнгө чейин жигердүү иштеп келатат. Улуттук коопсуздук кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы түзүлгөндөн берки кыйынчылыктарга карабастан, кыска аралыкта жакшы жетишкендиктерге жетишти, ийгиликтүү ишмердүүлүгүн көрсөтө алды. Бул башкармалык чекисттердин чыныгы устаканасы, мыкты мектеби болду, көпчүлүгү жогорку кызматтарга дайындалып, кыргыз элине ак кызмат өтөп келүүдө», - деди президент.

[ RU ] Президент Кыргызстана Садыр Жапаров открыл новое здание управления ГКНБ по Баткенской области.

Как сообщила пресс-служба президента, глава государства сказал, что создание и развитие УГКНБ по Баткенской области – это плод и пример добросовестного служения сотрудников.

Он вкратце озвучил подвиги сотрудников органов национальной безопасности.

Президент напомнил, на сегодня под руководством генерал-лейтенанта Камчыбека Ташиева ведется ожесточенная борьба с коррупцией, контрабандой и организованными преступными группировками, которые засели в стране. В результате в Кыргызстане, в том числе в Баткенской области, происходят заметные изменения. Так, несмотря на все трудности по инициативе Камчыбека Ташиева в регионе строятся и сдаются в эксплуатацию новые здания, среди них это новое здание управления. «Поздравляю с открытием здания, которое открывается для обеспечения безопасности нашей страны, вопреки вызовам времени. Пусть успех будет сопутствовать работе Управления и новое здание станет местом, где будут оправдываться ожидания людей. Желаю вам непоколебимого мужества, твердой воли и патриотизма», - пожелал он.

Глава государства осмотрел служебные помещения нового объекта, ознакомился с обновленными условиями и побеседовал с его сотрудниками.

[ Официальный канал ИА АКИpress ]
Смотрите и читайте нас:
Наш сайт: www.akipress.org
Instagram: instagram.com/akipress
Facebook: facebook.com/akipress
Twitter: twitter.com/akipress
Телеграм: t.me/akipress
TikTok: tiktok.com/@akipresskg
Категория
Аксай
Комментариев нет.
Разработка сайта Creative Lab в Актау ПЕРЕЙТИ НА МОБИЛЬНУЮ ВЕРСИЮ САЙТА