Үч элдин жылдыздары бир сахнада

28 Просмотры
Издатель
«Ыр майрам» Эл аралык фестивалынын алкагында, Баткен шаарынын борбордук стадионунда чоң Гала концерт өттү. Алгач үч элдин ынтымагын чагылдырган сахналаштырылган көрүнүш тартууланды.

Майрамдын расмий бөлүгүндө Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасынын орун басары Зайнура Азими сөз сүйлөп, бул иш чаранын кошуна элдердин өз ара ишенимин жана ынтымагын бекемдөөдө мааниси зор экенин белгилешти.

Гала концертте Кыргызстандан белгилүү ырчылар — Саламат Садыкова, Роза Аманова, Ырыскелди Осмонкулов, Самара Каримова, Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева, Нурлан Насип жана башка ырчылар таланттарын тартуулоодо.

Өзбектандан легендарлуу «Ялла» тобунун солисти Фаррух Закиров, Севинч Муминовалар элге жагымдуу маанай тартуулады.

Тажикстандан Дилноза Каримова, Хасан Камол, Шерози Камол жана ырчылар, бийчилер катышты.
Категория
Клипы
Комментариев нет.
Разработка сайта Creative Lab в Актау ПЕРЕЙТИ НА МОБИЛЬНУЮ ВЕРСИЮ САЙТА